МАНАС БАЯНЫ: Семетейдин төрөлүшү. Той — Transcript

Манас баатырдын уулу Семетейдин төрөлүшү жана анын айланасындагы чоң той тууралуу баяндалат.

Key Takeaways

  • Семетейдин төрөлүшү Манас баатыр үчүн чоң кубаныч жана маанилүү окуя.
  • Манас уулунун төрөлүшүнө байланыштуу чоң масштабдуу той уюштурат.
  • Тойго ар кайсы элдер чакырылып, бирдиктүү майрам өткөрүлөт.
  • Манас оор абалдан кайратка келтирилип, тойду уюштурууга күч салат.
  • Той коомчулукта биримдикти жана кубанычты күчөтөт.

Summary

  • Манас баатырдын уулу Семетейдин төрөлүшү жана анын кубанычы баяндалат.
  • Манас уулунун төрөлүшүнө сүйүнгөндөн улам оор абалга түшөт, бирок Алмамбет аны кайратка келтирет.
  • Семетейдин төрөлүшү чоң той менен белгиленет, той бир айга созулат.
  • Манас тойго ар кайсы элдерди чакырып, чоң масштабда уюштурат.
  • Тойго чакырылган элдердин арасында кыргыз, орус, немис, араб жана башка көптөгөн улуттар бар.
  • Манас тойдун уюштурулушуна чоң каражат бөлүп, кой, жылкы, уй жана төө сойдурат.
  • Тойдо калк майрамдап, ар түрдүү оюндар, күрөш, чабылган аттар жана чечендердин сөздөрү болот.
  • Манас тойду жалпы журтка өткөрүүнү пландап, чабармандарды ар тарапка жөнөтөт.
  • Чабармандар ар кайсы тараптарга кабар берип, тойго элди чакырышат.
  • Тойдун борбору Алайда өтөт жана ал жерге көптөгөн элдер чогулат.

Full Transcript — Download SRT & Markdown

00:00
Speaker A
Ассаламу алейкум, кызырлуу кыргыз журту. Биз сиздер менен кайрадан улуу баяндын учугун улап, учтан түпкө урап, улам токтогон жерибизден ары көздөй арбытып айтып келе жаткан кезибиз.
00:00
Speaker A
Андай болсо, кеп кезегин кайрадан уланттырабыз, өткөн берибизде Семетейдин төрөлүшүнө келип токтогонбуз, кичи чабул бөлүмү демек, кичи чабул бөлүмүндө ажылыкка баралы деп турган Манасты аксакалдар, көксакалдар, хандар, бектер кеңешип бир жыл токтоп турсун өтүнгөн.
00:00
Speaker A
Ал ортодо Каныкей бойго бүтүп, минтип төрөп отурат.
00:00
Speaker A
Семетейдин төрөлгөнүн, али Семетей деп ат койбогон албетте бул учурда уулду болгондугун, эркек уулду болгондугун уккан Манас жалдырап шалдырап отуруп калды.
00:00
Speaker A
Алтымышка чыкканда балалуу болуп жатса, анан ошончолук сүйүнүч, кубаныч ээлеп, элжиреп кетти Манас.
00:00
Speaker A
Али эмес басканга дарманы келбей жыгылып кетти дагы сөөгүнөн суу чыгып, ошол отурган боюнча ошол жерде калды дейт.
00:00
Speaker A
Ааламды алаканга салып калчаган Манастын бул учурда ушундай шайманы кетип шайы ооп турду эле.
00:00
Speaker A
Ошол учурда Алмамбет барып калган, анда окуяны андан ары улантабыз.
00:00
Speaker A
Алмамбет барып учурашты Манаска, учурашса Манас үн дебейт, сүйлөбөйт, жооп бербейт, жалдыраган боюнча жалдыраган боюнча турат.
00:00
Speaker A
Анын таптакыр дарманы бошошуп, сүйүнгөндөн ушундай абалга келип калгандыгын билген Алмамбет кайратка чакырып катуу бакырып, эй Манас деди.
00:00
Speaker A
Манас, баланын туулганына эмес, тураарына сүйүнгөн эмесби, эмне болду сага?
00:00
Speaker A
Келечекте ким болот, жараткан канча жаш берет, аны каяктан билебиз, эмитен минтип жалдыраштын эби канча?
00:00
Speaker A
Алмамбет Манаска ушундай суроолорду, ушундай жоопторду айтып жатыптыр.
00:00
Speaker A
Антпесе, минтип кайратка чакырбаса, эми эле ал жерде Манас таптакыр жалдырап туруп калган болчу.
00:00
Speaker A
Мындай кебин айтпаса, минтип кайратка чакырбаса, балким ошол боюнча ким билет эле эмне болот, ошол себептен улам катуураак сүйлөдү.
00:00
Speaker A
Катуураак кайратка чакырды, али эмес Кудай канча жаш берерин биз каяктан билебиз, сен эмне мынча эмитен элжиреп жатасың деп Манасты өзүнө келтирди.
00:00
Speaker A
Ушул сыяктуу кептерди айтып кулагына бакырып турду Манастын, андан соң үйдө бол деп Каныкейге дагы кайрылды.
00:00
Speaker A
Каныкей дагы өзүнчө арзактап сүйүнүп кубанып жатып турган болчу.
00:00
Speaker A
Ошондо Каныкей ошондо гана Манас баатырга назар салды.
00:00
Speaker A
Баатырдын өңү куулуп башкача болуп калган экен.
00:00
Speaker A
Аңгыча Бакай кирип келди.
00:01
Speaker A
Баланы ороп кармап турган Алтынайдын колунан алып бетине үнүп өбөктөдү, Семетейдин төрөлүшү канчалык кубанычка шаңга бөлөдү ортону караңыздарчы.
00:01
Speaker A
Ошончо акылдын ээси Каныкей бул учурда жанындагы Кудай кошкон, жараткан кошкон жар Манастын абалын байкабай кубанычка бөлөнүп калган абалга жетти.
00:01
Speaker A
Али Манас болсо эч нерсени көрбөй жанагынтип жалдырап туруп калды.
00:01
Speaker A
Алардын баарын кайратка чакырган Алмамбет болду, Бакай келди эми.
00:01
Speaker A
Бакайдын артынан удаа Серек менен Сыргак кирип келди, алар да баатырды кайратка чакырып турушту.
00:01
Speaker A
Сүйүнүчкө баткан кыргыз уулу бириндеп келе баштады ошентип, казынаны аштырып дүйнөнү көчөгө чаштырып сүйүнүч кылып жиберди баатыр.
00:01
Speaker A
Бир жума ушундай көчөгө казына чачылып турду, бир жума казынасын чачты дейт Манас.
00:01
Speaker A
Манас казына күткөн эмес деген ойдо жүргөндөр бар, ал дүйнөкор эмес болчу деген ойдон улам ушундай айткандар бар.
00:01
Speaker A
Албетте дүйнөкор эмес болчу, дүйнөкор эмес болгон үчүн ушинтип казынасын чачып жатат.
00:01
Speaker A
Бирок казына күтпөсө калкты башкаруу мүмкүн эмес, бул жагын дагы туура түшүнүшүбүз керек.
00:01
Speaker A
Аскерди күтүү мүмкүн эмес казынасы жок, казынаң жок болсо аскерди эмне менен күтөсүң?
00:01
Speaker A
Кийимиңди канттесиң, тамак ашыңды канттесиң, мына ошондой жагдайлар, курал жарагын коё турганда деле.
00:01
Speaker A
Гүлүктүн баары жарышып, гүлгүндү кийип алышып, буудандын баары жарышып, буулдумду кийип алышып, ысылыкка май ичип, суусундукка бал ичип, шарапты суудай жутушуп, жаканы жалпы тутушуп, жаш балдар чуку утушуп, чабылган атын сүрөшүп, балбандын баары күрөшүп, чечендин баары сүйлөшүп, калкка чоң пайда болуп, той тамаша бир айга созулду.
00:01
Speaker A
Семетейдин төрөлгөндүгүнө кубаныч кылып ушундай той башталып кетти дагы ал той бир айга созулду.
00:01
Speaker A
Манас бул эми атайын башка элди, журтту алыс жакынын чакыртып берилген той эмес болчу, жөн эле сүйүнүч болгону ушунчалык.
00:01
Speaker A
Али аталып той бериле элек балага, Манас эми ошону ойлонуп, бир айдан кийин, бир ай ансыз деле той болуп жатат.
00:01
Speaker A
Бирок эми чындап жалпы журтка той кылуу жөнүндө ойлоно баштады Манас.
00:01
Speaker A
Союшуна деп койдон 15 миң, элестетип көрүңүздөр, санап көрүңүздөр, койдон эле 15 миң, жылкыдан 7 миң, уйдан 3 миң, төөдөн 400дү камдады тойдун союшуна деп.
00:01
Speaker A
Ааламдын баарын жыймакка, аңгемени кылмакка камылга башталды.
00:01
Speaker A
Асы, Жөлөк, Ысар, Көлөк, Бакбурчун, Кемтун, Манжурия журтун, Кувайыктын көлүнөн, Тунжурия чөлүнөн, Саңсар тоо белинен, Жаяндардын элинен бери бардык журтту тойго чакырды.
00:01
Speaker A
Али эмес Жетигендин тарабынан Кышталак деген журт бар эле, алар чакырылды.
00:01
Speaker A
Ал элдин бир жагы Дайра, асты чөл жерине аштык бышпайт эле, мал ордуна куландарды кармашат булар, жыландарды үйдөй кылып үйүп коюшат, аны тамак ордуна пайдаланышат жыландарды.
00:01
Speaker A
Туулгандан өлгөнчө боюна көйнөк кийбеген, өздөрү адамдын тилин билбеген эл болот бул Кышталак журтунда.
00:01
Speaker A
Алар келип калса өздөрүнө ылайыктап тамак беребиз деп Манас буларды дагы чакыртып койду.
00:01
Speaker A
Эртиш, Үлкүн эки суу, Уркун дайра деп айтылат башка жерде, ошол Эртиш, Уркун суулары, аягы Аралгүл, ортосу Оролбел болуп, анда Орус урук эли бар.
00:02
Speaker A
Алардын уругу Ягурго кабар берилди, Ягур болсо керек китептин астында, орустарга кабар берилди.
00:02
Speaker A
Аралдан Немис эли болуп, алардын Айналып деген беги чакырылды немистерден, күн батыш жагында Таталаштын калкы Бельгия журту жалпы бар эле, Бельгияга чейин айтылып кетип жатат.
00:02
Speaker A
Дарыя шор арал бар, баш жагында Бараң бар, ал дайранын ар жагында Араб, Асталуу суунун боюнда Англия журту.
00:02
Speaker A
Күн түштүктүн жагында болсо Дүбүрө, кыш көрбөгөн, жай көргөн, эркеги чабал, катыны үр, ал жерде Саңсаңроо деген эл жашайт.
00:02
Speaker A
Адам барса бурулат, ар түрдүү болуп кубулат, кандай сүрөт кааласа, каа ошондой боло алат.
00:02
Speaker A
Түндө түштүк жактан кызыл жел жүрүп, ошол желди тосуп, эмнени ойлонсо ошондой абалга келет.
00:02
Speaker A
Түндө түштүк жактан кызыл жел жүрүптүр дейт, жанагы Северная Сияние деген бар го, дал ошол нерсени айтып жаткандай түр көрсөтүп жатат да.
00:02
Speaker A
Ошондой нерседен ошого жүзүн буруп туруп, жүзү ошого тийгенден кийин каалаган абалына келет эле деген ойду айтып жатат.
00:02
Speaker A
Закымдан коргон салып, күн чыгыш жаккы арасы алты айлык болгон Каптын тоосу бар.
00:02
Speaker A
Ар жагы Азатжан жери, Дөөпөрүнүн эли, Азатжанда жүргөн жан асманды көрбөйт дешет.
00:02
Speaker A
Жери астында жашагандай жашашат экен да, Жетигендин жагында төрт арыш дөбөт эле.
00:02
Speaker A
Күн чыгышы жагында Кыштык Коңкош эли бар, Түгөлөк деген жери бар, анда албан түрдүү жыгач болуп, данын жыгачтан алышат.
00:02
Speaker A
Кырк аяк дегени бар, үйдөй жыгачты жагы менен жанып кесип түшкөн жаңгалар бар.
00:02
Speaker A
Алмаса аттын башындай, жаңгагы сайдын ташындай болгон жер, өлүгү чирип көң болгон, өлүгү чирип көң болгон Көңгөй деген дайра бар.
00:02
Speaker A
Анда өрт балык деген болот, аны жегенден шаабаты ташып кетет.
00:02
Speaker A
Уруктукка жакшы дейт да өрт балык дегенди ошону айтып жатат.
00:02
Speaker A
Жанында катыны жокторго ажал жетет, андан бери Аңжынын журту, анын баарын башында айтып өткөнбүз.
00:02
Speaker A
Ошончо жердин баарын чакырып той берүүгө камылган Манас чабарман ким болоорлугун сурады.
00:02
Speaker A
Ошондо өзү Маңгут жашында Саңсардын журтун бет алып кеткен Жүдөөлү деген бир жигит күн чыгыш жакка барууга макул болду.
00:02
Speaker A
Күн чыгыш дегени түштүк тарап, түштүк тарапка ошол тараптагы журтка кабар берүүгө Жүдөөлү даяр болду.
00:02
Speaker A
Манас кубанып ага алтын жамбы карматты, Жүдөөлү аяр жөнөп кетти.
00:02
Speaker A
Байнаңсаң аттуу балбан Кытайга кабар салууга макул болду, ага дагы алтын берилди.
00:02
Speaker A
Алакан жайсаң батышка барып, Орус, Немис, ушул турган журттарга кабар бермей болду.
00:02
Speaker A
Башканы Болгарбек экен, Магруб түштүк эл экен, Арабга жетип айтууга Абынасыр заманга кабар берип кайтууга Ыраңкы Тас жөнөдү.
00:02
Speaker A
Ыраңкы деген Тас Арабтарга кабарга кетти.
00:02
Speaker A
Баары алтындан жамбыны аябай алышты, кыскасы ар тарапка ар түрдүү чабарман чаптырылды.
00:03
Speaker A
Жаз кеткен чакырчылар күзгө айланганда кайтып келишти.
00:03
Speaker A
Алты ай Эртиш, Уркун, Амур дайра жана Сай, Алакөл, Байкал, Мистеле, малга жайлуу жетелек, Чагалыктын түзүнө чейинки жерлер санак талып, той жер ортосу Алайда өтмөк болду.
00:03
Speaker A
Семетейдин туулгандыгына арналган той Алайда өтө турган болуп калды.
00:03
Speaker A
Чакырчууга болжолгон мезгил Фарсы жылдын күзү эле, Фарсы жылдын күзү дейт, негедир Фарсы деген жыл жок бизде өзү.
00:03
Speaker A
Бул балким Бас жылынын күзү деп айтылышы мүмкүн, анан кийин түшүнбөстүктөн баягы угарман катчыдан кеткен ката болушу мүмкүн.
00:03
Speaker A
Бас жылынын күзү дегенди Фарсы жылдын күзү деп жазып алышы толук ыктымал.
00:03
Speaker A
Чакырчууга болжолгон мезгил Фарсы жылдын күзү эле дейт.
00:03
Speaker A
Алты айдан көчүп сыдырып, Ала-Тоону кыдырып, Каркыра түзүн кемиртип, Карамалды семиртип, азууларын аркайтып, астыңкы кырды шалпайтып.
00:03
Speaker A
Эки өркөчүн коркойтуп, өрдүктөй мойнун койкойтуп, тойго килем жаптырып, гүлүк ойноп гүлдү журт, күндө гүлүк чаптырып, ак манат менен ак үйүн жаап, көңкү кыргыз көчүп жөнөдү.
00:03
Speaker A
Алты айдан көчүп сыдырып, Ала-Тоону кыдырып деген сөзгө маани беришибиз керек.
00:03
Speaker A
Ушул саптардан улам Семетей төрөлгөн учурда Манас Таласта эмес, кайра эле Алайды жайлап турган учур экендигине кабар беребиз.
00:03
Speaker A
Эмне үчүн деп туура эмес түшүнүк болуп калбасын, киндик каны тамган жер Манастын ал жерге көнүп калган.
00:03
Speaker A
Ал ат тезегин кургатпай барып турган ошончо жердин бардыгы Манаска караган, балким жайлоого ошол жакка чыгып кеткен учур болгондур.
00:03
Speaker A
Мына ушундай учурда төрөлгөн болчу деп айтылып жатат.
00:03
Speaker A
Ордо күтсө эле бир жерде ордо кылып алып эле ошол жерде отура бербеген, көчмөн дүйнөнүн дүйнө таанымы жөнүндө сөз болуп жатат.
00:03
Speaker A
Журт которуп ал заман үчүн азыркыдай түйшүк жаратылбаган, ошол себептен муну мыйзам ченемдүү көрүнүштө түшүнсөк болот.
00:03
Speaker A
Кыскасы, журт Алтайдан чыгып Алайды көздөй көчүп жөнөдү.
00:03
Speaker A
Көчкө жакып баш болду, арадан бир ай өткөндө көчтүн алды Алайга жетти.
00:03
Speaker A
Сабасы кымызга толуп, түндүгүнө беш союп, түштүгүнө тай союп, жагына кой союп, кыргыз бакубатчылыкта турду.
00:03
Speaker A
Желбегеси жер чийген, жеке саны баш жарган, сулуулугун, сымбатын арзан менен кымбатын адам өлчөп билбеген.
00:03
Speaker A
Бетине бей жооп эңде кирбеген, перидей болгон кыз келин көчтүн көркүн чыгарып жөнөдү.
00:04
Speaker A
Көчтүн аягы Ысар жээгинде болду, башы Алайда, аягы Ысарда болду.
00:04
Speaker A
Күн чыгыш жаккы жерде той башталды, улук той башталгандан улам ал жер ушул күнгө чейин Тойлук деп аталып кетти.
00:04
Speaker A
Тою улук болду деп жүрүп ал жер ошол той башталган жер Тойлук деп аталып калды Алайда.
00:04
Speaker A
Каптал жагы Кашкар, асты жагы Аңжыян, аягы Букар, Самаркан, күн чыгыш жагы Котондон берки элдин баары тойго чакырылды.
00:04
Speaker A
Боз үй тиккен Элбайынан, Каратегин калчадан келди тойго.
00:04
Speaker A
Алайдын арбын талаасында үй тигээрге бош орун калбай, көз жеткен жердин баары жумурткадай боз үйлөргө толду.
00:04
Speaker A
Айрым жерлерге калаанын чатырлары тигилди, боз үй тикпегендер чатыр тигишти дейт.
00:04
Speaker A
Түш-түштөн соодагер келип базар кызытышты, андай жерде соода сөзсүз болуш керек.
00:04
Speaker A
Ошондой соодагерлер келип сооданы кызытышты дейт.
00:04
Speaker A
Чайчылар чайын кайнатып, сонун булдун баарысын соодагерлер жайнатып, гүлүктүн баарын байлатып, гүлгүндүн баарын жайнатып.
00:04
Speaker A
Буудандын баарын байлатып, буулдумдун баарын жайнатып, торгон дубал алдырып, кийиз ордуна килем, килче салдырып, панардын баарын жандырып.
00:04
Speaker A
Барчадан орун салдырып, аты эле шайы жайнатылып, кымкап, дүрдун дейдилер жыйылып, Ногойдон калган кызыл туу оолап ашталып.
00:04
Speaker A
Бейшемби күнү той башталып, шаан-шөкөт мына ушундай нукта жүрдү.
00:04
Speaker A
Гүлдүү журт гүлүккө оронуп, балбандар күрөшүп, чечендер сөздү жирешип, чабан дестер эңишип, капыя сөздөн жеңишип, тамаша арбыды.
00:04
Speaker A
Байгеге жеткендер мөөсүнүн Бакайдан сурап жатышты.
00:04
Speaker A
Эр сайыштын байгеси бир ат, бир төө болду, жыгылган дагы урунбасын деп ага ичи тышты эки тон айтылды.
00:04
Speaker A
Ар тараптан келгендерден 60 тас, тас сүзүшкө чыкты, тас сүзүш деген кызык оюн бар эле.
00:04
Speaker A
Чекелерин тас айтып алып, тастар сүзүшкөн кызык оюн бар болчу, ошондойго 60 тас чыкты дейт.
00:04
Speaker A
Алардын кызыл ала башын көрүп, көпчүлүктүн моокуму кана, аңгеме арбыды.
00:04
Speaker A
Той берер жерге тогуз күн болду дегенде, ишемби күнү тигерге жакын келишкенде аксакалы жайкалып.
00:05
Speaker A
Ак жорго минип чаап алып, астына сурнай тарттырып, атаңга жамбы артырып, кадимки касиеттүү Каңкошой келди.
00:05
Speaker A
Катагандын Каңкошою келди, тогуз күн болду дегенде Манас алдын утурлай тосуп чыкты.
00:05
Speaker A
Экөө жоо көрүштү, ысылыкка май союп, суу салыкка бал коюп, эттен тандап жал коюп, эче түрдөп улам коюп.
00:05
Speaker A
Кашындагы 60 миң кишиси менен кошо, кошо аягында Алмамбет конок алды бул сапар.
00:05
Speaker A
Анын артынан 160 араб менен Абынасыр барды.
00:05
Speaker A
Сүкүттөн бөлөк сүйлөбөй, жүрүшүн пенде бейлебей, шаадат келмени шаар айтып келген кожону Бакай конок кылды.
00:05
Speaker A
Чыраша журтун кармаган Дагылык миң киши менен келди, 70 жигит кул менен 70 атка арткан пул менен.
00:05
Speaker A
Кошумчасын кошо алып, караламан аскерди ээрчитип, алтын көкүл, кер көкүл дегендер келди.
00:05
Speaker A
Күн чыгыштын астындагы Дүбүрөнүн адамы туюнчаң, кай бирөөсү арыстандай, каарын көрсөң шашкандай.
00:05
Speaker A
Кызыл жел тосуп алышкан, жолбос болуп алышкан 90 жолдошу менен келди.
00:05
Speaker A
Жанагы желге жүзүн тосуп аркайышып турган эл жөнүндө сөз болуп жатат ошонун баатыры туюнчаң болуп жатат.
00:05
Speaker A
Адам десе айбандай, алкы бузук ар кандай, атаң түнү менен алкымына салгандай.
00:05
Speaker A
Баягы Азатжандын адамынан Кыйышыңгу деген зор болгону 14 киши менен келди.
00:05
Speaker A
Булардын мүнөзүнө карасаң бүтүндөй тоо жыргандай көрүнөт эле.
00:05
Speaker A
Көздөрү жалындап күйүп, үнү күркүрөгөн күндөй, тырмактары кылычтай келип, бир жерди көрсө.
00:05
Speaker A
Мына ошол жерде туруп тур деп көрсөтүп коюп жаткан болсоң, ошол жерде 10 күн таштап койсоң дагы бир ордунан жылбай тура берет эле дейт.
00:05
Speaker A
Бул Азатжандын эли Кыйышыңгу баштаган Азатжандан 14 киши келди деп жатат, булар дөөлөр эле.
00:05
Speaker A
Анан булардын ушундай кызык өнөрү бар эле, ушул жерде туруп тур деп коюп койсоң, ошол жерде 10 күн тынбай тура берет эле дейт.
00:05
Speaker A
Ал келген 14 киши тамагына тогуз кой, 90 уйду жалмады бир жегенде эле.
00:05
Speaker A
Булардын куюн көрөт элек дешип, эл ар тараптан келип айбаттуу айран таң болуп жатышты.
00:06
Speaker A
Көйгөктүн четки эле болгон буларды көргөндөр, көрбөгөндөргө көп сөз кылып кийинкилерге айтып калды.
00:06
Speaker A
Кыштык Коңкош элинде Түгөлөктүн жеринде чоюнгулак алып, жору куйрук жоон алып, кайчы кулак каман алып.
00:06
Speaker A
Киндиги темир, киттен алтындар 90 киши менен келди.
00:06
Speaker A
Манжурия журтунан Себеткуңша 700 аскер менен, алардын соңунан Кытайлардан Коңтору, Кырмышшанын Мурадыл, Кызылчокту Нескара.
00:06
Speaker A
Калмактардан Ушал, Каражалдуу Борончу, Каңгайлардан Ороңгу, Солоондон Алооке, Доңуз мүнөз Жолой, Токушкерден Бошкортук, Солоондун Соорондук баштап 90 миң аскер келди.
00:06
Speaker A
Аксакал, көксакалдар менен Кытай, Калмактан ушунча эл келди.
00:06
Speaker A
Жаңы келген Кытай, Калмак Кыйышыңгуну көрүп эсинен танды.
00:06
Speaker A
Желмогузду тоюна чакырган кандай журт деп дүркүп алар алыс качып турушту.
00:06
Speaker A
Ушулар менен мамиле кылган Чантуунун чамасы мыкты экен деп эстер ооп турду.
00:06
Speaker A
Кыйышыңгунун журтун көргөн Каңкошой баягы сеси кайтып, булар укмуш эл болот экен.
00:06
Speaker A
Тамашалашпайлы деп калышты.
00:06
Speaker A
Кытайды жайгаштырып болгончо Жаяндардын беги Жадоо дейсаң келди.
00:06
Speaker A
Кышталак деген калкы бар, кыйла сонун алпы бар, куланды ат кылып минген, жыланды аш кылып жеген.
00:06
Speaker A
Дүңгүлүк алп 100 киши менен, алардын соңунан союлат калкы, гүлдүү доңузду күтүнгөн Оозу тукту Орус.
00:06
Speaker A
Армандын журтун бийлеген Атрет, Армян жөнүндө сөз болуп жатат, Армандын журтун бийлеген Атрет.
00:06
Speaker A
Эр Немис журту, Англия элинин Алачак беги келип, кыскасы Алайдын той тосу ушинтип адамга толду.
00:06
Speaker A
Күн чыгыш, күн батыш, гүлдүү журттан келди.
00:06
Speaker A
Көкөтөйдүн ошондой болсо дагы ошого чамалап барды деген ой айтылып жатат.
00:06
Speaker A
Ырамандын ырчы уулу ычкырып атып 40 уулу, Төөтөй, Чоктугул, Айтароозу, Шоктуугул, жалпы журтка жар чакырып тойдун шаанын тааныштырды.
00:06
Speaker A
Ат гүлүгү чабылып, балбан күрөш, эр сайыштын тартиби айтылды.
00:07
Speaker A
Оюн толук 10 күн боло тургандыгы жарыяланды.
00:07
Speaker A
Балбан күрөштө Орус менен Кытай беттешмей болду, байгеси 30 жамбы экендиги эскертилди.
00:07
Speaker A
Ошондо Орус жактан Тимафей ортого чыкты, Тимафей, Тимафей ортого чыгып, Алооке Кытай карысы Чаңгыдан деген балбанын камдады.
00:07
Speaker A
Эки балбан күрөшүп, элдин баары жирешип, көпчүлүктүн үмүлүктөгөнүн көргөн баягы Азатжандын Кыйышыңгу.
00:07
Speaker A
Күркүрөгөн бойдон ошол майданга жетип келди, бул кызык эле көпчүлүк үмүлүктөгөн жерге бара берет эле дейт бул Кыйышыңгу Азатжандын журту.
00:07
Speaker A
Ошондо күрөшүп жаткан балбандарды көрүп ортого келип, бирөөсүн оң колго, бирөөсүн сол колго кармап.
00:07
Speaker A
Экөөнү сүзүштүрүп туруп, бирөөнү күн жакка, бирөөнү түн жакка атып ыргытты.
00:07
Speaker A
Жорукта жок бул жосунга эл элейди, көпчүлүк буга дап арыдан чочунуп турду.
00:07
Speaker A
Баягы кыйынбыз деп күрөшүп жаткандарды ушинтип уруштуруп туруп эле эки жакка ыргытты.
00:07
Speaker A
Анда Тумшалыктын Саңроо деген бир балбаны колунда кылыч кармап ошол капырды беттеп жетип барды.
00:07
Speaker A
Кылыч билбеген неме тике келгенде бир шилтеми менен анын оң колун шадысынан шылып түштү Саңроо.
00:07
Speaker A
Кыйышыңгу сол колу менен бир муштап анын ишин бүттү.
00:07
Speaker A
Бул жорукка чыдабаган Таашалар, бектер ал жерде майдандан чыгып айкырык салып жатыптыр.
00:07
Speaker A
Ал улутту койгон жок, залимдигин билгенден кийин 30 балбан туш-тушунан качырып найза шылып, кылыч чапты.
00:07
Speaker A
Тула бою кан болгонуна карабай Кыйышыңгу өлө турган түрлөнбөйт.
00:07
Speaker A
Сайган найза тешпеген, чапкан кылыч кеспген Кыйышыңгуну байкаган Боз дөбөдөгү көй дөөлөр.
00:07
Speaker A
Эми башкача амал кылууну көздөштү.
00:07
Speaker A
Өлбөйт, найза атып жатат, мылтык атып жатат, найза сайып жатат, кылыч чаап жатат.
00:07
Speaker A
Кыйышыңгу өлө турган түрлөнбөйт, ошондо бир башкача амал кылалы дешти.
00:07
Speaker A
Кандай амал кылды, ошол төрөлөр отурган дөбөнүн башын ойдуруп, ага 60 чанач дары төктүрдү.
00:08
Speaker A
Каздырып алып туруп, ошол чуңкурга алты чанач дары төктүрдү.
00:08
Speaker A
Үстүнө койдой таштан 20-30 таштатты.
00:08
Speaker A
Карап көрүңүздөр, элестетип көрүңүздөр, ары кызык окуялуу да.
00:08
Speaker A
Анын үстүнө 700 камыштын муунун тешип, ичине дары куйдуруп, от берүүчүң белен деп бири-бирине улатып жаттырды.
00:08
Speaker A
Камыштын муундарын тешип, ичине ок дарыны торох жөнүндө сөз болуп жатат.
00:08
Speaker A
Ошону салдырып туруп, анан жанагындай кылып коюшту.
00:08
Speaker A
Адам сыягы жок желмогуздун кыялын билгендер ошол жерди тегеректеп кайтарууга алып туруп алды.
00:08
Speaker A
Эл үмүлүктөгөн жерге барат эмес булар, ошол себептен улам тегеректеп туруп алышты.
00:08
Speaker A
Дөөгө көзүн салган Кыйышыңгу булардын аялуу жери ушул окшойт деп ошол жерге басып келди дагы.
00:08
Speaker A
Үйгөн таштын үстүнө отура кетти.
00:08
Speaker A
Ата деген жигит чете келип камышка от коюп кача берди.
00:08
Speaker A
Чуңкур казып ал жерге таштарды салып, камыштын арасына дары коюп туруп, аларды салып койгон болчу.
00:08
Speaker A
Ошондон от бергенде ал граната бомба жарылгандай жарыла берди.
00:08
Speaker A
Ошондой кызык нерсени пайдаланды деп жатат.
00:08
Speaker A
Алты чанач дары атылып, таштар оогу ордунан туш-тушка учуп кетти.
00:08
Speaker A
10-15 тай таш, 10-15 тай таш Кыйышыңгунун денесин тешип, ичеги карын ичетин бузуп өткөн экен.
00:08
Speaker A
Боорун басып бой бойлоп, кардын басып кайгайлап, кара табаздай түгү өрттөнүп.
00:08
Speaker A
Эч болбоду дегенде эки өгүздүн жүгүндөй таштар курсагында кулдуруп такан жезит бакырган бойдон бешим жак деп бет ала чуркады.
00:08
Speaker A
Үстүндөгү түгү өрттөнүп дегенден кара табаздай түгү өрттөнүп дегенден биз эмнени билебиз.
00:08
Speaker A
Азатжандын эли кийимсиз ошол түгү менен эле жүргөн жапайы киши кийик болгондугун билебиз.
00:09
Speaker A
Бакырган бойдон бешим жак деп жөнөгөн дөө 60 кадам аттай берип бети менен кулап түштү.
00:09
Speaker A
Бирок анын 60 кадамы Алайдан ары алты күндүк жол болду.
00:09
Speaker A
Ар бир кадамы бир күндүк жолду аттады деп жатат.
00:09
Speaker A
Ошентип Гевилдин бери жагында Букардын туура жагында Гермелүүнүн бели деген жер бар.
00:09
Speaker A
Ошондогу Кыйышыңгу деген жер ошол капыр өлгөндөн улам Кыйышыңгу деп аталып калган.
00:09
Speaker A
Кыйышыңгу ошол жерде өлдү эле дейт.
00:09
Speaker A
Орус менен Кытайдын ортосунан чыга калган Кыйышыңгу менен кармашып атып ушинтип бир күн өтүп кетти.
00:09
Speaker A
Эртеңки таң менен байгеге 900 бе, тогуз нар сайылып, күрөш кайра уланмай болду.
00:09
Speaker A
Кышталыктын калкынан Санабил балбан озунуп алдыга чыгып, аны Кыштык Коңкош журтунан Каталдык балбан каршы алды.
00:09
Speaker A
Балтыры өгүз белиндей, оозунан чыккан леби койгоптун сары желиндей болуп барган Каталдык балбандын колун.
00:09
Speaker A
Кармаган жерден далысы менен кошо жулуп алды жанагы маңдайына барган Санабил.
00:09
Speaker A
Саңынбил деп айтылат бул жерде, башында Санабил деп айтылган.
00:09
Speaker A
Ошол балбан Каталдык балбандын колун жулуп алды.
00:09
Speaker A
Каталдык өлгөн жок, качып кутулду.
00:09
Speaker A
Санабилдин байгесин Кышталык журтту бөлүп алды.
00:09
Speaker A
Күрөш ушуну менен эле токтоп калбай, ар түрдүү журттун баары балбандарын салып арбын олжо алышты.
00:09
Speaker A
Күрөшү тамам болгон соң эми эр сайыш баштала турган болду.
00:09
Speaker A
Эр эндердин эр сайышы, байгесине 90 жамбы, тогуз төө камдалды.
00:09
Speaker A
Англия журтунан Керевил чыгып, аны Таңшаңлыктын жеринен Жаяндыктын элинен Сообол баатыр каршы алды.
00:09
Speaker A
Көкүлүн көккө түйдүргөн, көзүн оттой күйдүргөн, куйругун жерге шүйүргөн сонун ат минишип.
00:10
Speaker A
Найзаны колго алышып, шашкеде чыга калышып, күн батканча салышып, бирин-бири ала албай кеч болгондо эки баатыр жай-жайына тарады.
00:10
Speaker A
Эртеңки таңда Кошой Манаска жетип келип, Көкөтөйдүн ашындагыдай бузук чыгып кетпеси үчүн.
00:10
Speaker A
Эртелек ат чаап, тойду батыраак таратуу керектигин эскертти.
00:10
Speaker A
Кезенишкен шектүүгө, кекеннишкен кек түйүп, аленгир бузук болбосун деген Кошойдун сөзүн макулдап.
00:10
Speaker A
Манас төштүк баштаган улуктарды кеңешке чакыртты.
00:10
Speaker A
500 кой, 100 жылкы, 80 келе, сегиз төө, сегиз нар баш байгеге коюлду.
00:10
Speaker A
Экинчи атка ошонун жарымы болду, тогуз атка байге каралды, кеңеш ушуга токтолду.
00:10
Speaker A
80 келе дегени уй жөнүндө сөз болуп жатат, келе десе эмне деп түшүнүп албаңыздар.
00:10
Speaker A
100 карагай улатып, башына жамбы байлап, эриккендерге эрмек кылып койду ат чабылгыча.
00:10
Speaker A
Ат чабаар жери Ысардын бели болду, ат кычылардын айрымдары экиден, мыктылары үчтөн шаңшоору жамбы атып алды.
00:10
Speaker A
Ат албагандары мылтыкка күнөө коюп жатышты.
00:10
Speaker A
Кыскасы той ушинтип уланып жатат, той берген жерде ургаачынын токтолуп туруусу белгилүү го.
00:10
Speaker A
Өлчөлүү тонун кийишип, тизеге ийиги тийишип, колунда кылаар иш калбай, оозунда жалгыз тиш калбай.
00:10
Speaker A
Кемпир келген бул тойго, 40-30 жашка баргандар кылып жүргөн күнөөдөн кыябы өтүп калгандар.
00:10
Speaker A
Буулум бута башайып, баса кийип алышып, башына дастар чалышып, катын келген бул тойго.
00:10
Speaker A
Акак тиштүү кыйгач каш, алма моюн түймө баш, 15тен өткөн 20 жаш келин келген бул тойго.
00:10
Speaker A
Сурайылдай суналган, суу чубактай буралган, жылдызы ысык жылуу сөз, чырагы жарык жоодур көз кыз жыйылган бул тойго.
00:10
Speaker A
Ошентип ургаачы журту кыз, кемпир, кыркын, келин, кесек дегенге карабай өзүнчө бир бүтүн болуп.
00:10
Speaker A
Өзүнчө оота тигип, өзүнчө оюн-күлкү тамашада алар бир жакта.
00:10
Speaker A
Эркектер бир жакта, кашына жигиттерин жандаткан Кошой ат чубатар жерге барды.
00:11
Speaker A
Чабылуучу аттардын саны ары 92 болуптур.
00:11
Speaker A
Бакбаягы баладай, төрт туягы чарадай, кадыктүү аттар барыптыр, кара журт көзүн салыптыр.
00:11
Speaker A
Кулагынан Ойсул ата мазарынын шамы күйүп тургандай, туягы чоюн куйгандай көй гүлүктөрдү көргөндө.
00:11
Speaker A
Анча-мынчалары аттарын байгеге кошуудан баштатышкан экен.
00:11
Speaker A
Болбосо барганда мына чабаң деген учурда аттардын жалпы саны 700 болчу дейт.
00:11
Speaker A
Ат чабуучу балдардын баарына барчадан гүрмө кийгизди.
00:11
Speaker A
Алардын ат чабыш өлүктөгү алгачкы олжолору ошол болду, ат чабыш өлүктөрүнө ошентип болжоого жетти.
00:11
Speaker A
700 аттын ордуна болгону 92 ат чабылбай болду.
00:11
Speaker A
Бул аттар чабылып, кайсынысы канчанчы келет, андан кийин кандай шаан-шөкөт бар.
00:11
Speaker A
Жанагы Кыйышыңгунун эли эмне болду, өзүнүн 14 беги бар болчу, өзү өлгөн менен алар өлүктөр.
00:11
Speaker A
Алар чатак чыгарат, дал ошол сыяктуу нерселерди кийинки берибизде айтып беребиз.
00:11
Speaker A
Ага чейин аманчылыкта, эсенчиликте болуңуздар, бакубатчылыкта, бардарчылыкта көрүшөлү, Ассаламу алейкум ва рахматуллахи ва баракатуху.
Topics:МанасСеметейтөрөлүшүтойКыргызбаатыртарыхбайанАрча МедиаКыргыз маданияты

Frequently Asked Questions

Семетейдин төрөлүшү тууралуу видео эмне жөнүндө?

Видео Манас баатырдын уулу Семетейдин төрөлүшү жана анын айланасындагы чоң той тууралуу баяндалат. Манас уулунун төрөлүшүнө байланыштуу кубанычын жана тойдун уюштурулушун сүрөттөйт.

Манас уулунун төрөлүшүнө кандай реакция кылган?

Манас уулунун төрөлүшүнө сүйүнгөндөн улам оор абалга түшүп, жалдырап калат. Бирок Алмамбет анын кайратка келишине жардам берет.

Той канча убакытка созулган жана кимдер чакырылган?

Той бир айга созулуп, ар кайсы элдер, анын ичинде кыргыз, орус, немис, араб жана башка көптөгөн улуттар чакырылган.

Get More with the Söz AI App

Transcribe recordings, audio files, and YouTube videos — with AI summaries, speaker detection, and unlimited transcriptions.

Or transcribe another YouTube video here →